Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан чет элдиктерге 37 миңден ашуун электрондук виза берген

Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 548 | 0

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин чет элдиктерге 37 миңден ашуун электрондук виза берилген. Бул тууралуу кечээ, 29-мартта Тышкы иштер министрлигинде туроператорлор менен болгон жолугушууда министр Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан чет өлкөдөн келгендерге 37 миңден ашуун виза берди. Анын 28 миңге жакыны — туристтик виза», — деди министр Айдарбеков.

Жолугушууда «Электрондук виза» системасынын өркүндөтүлүшү, ийгиликтери жана мүчүлүштүктөрү тууралуу талкуу болду. Ошондой эле ченемдик актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги белгиленди.

Мындан тышкары, жакын арада Кыргызстанга 60 күндүк мөөнөткө визасыз кирүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынса, бир катар өлкө жарандарына визасыз режим системасы иштей баштаары айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM