Биз менен байланышыңыз

Бишкек — Ош унаа жолуна кайрадан чектөө киргизилет

Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 537 | 0

Бишкек-Ош унаа жолу бүгүн, 30-мартта кайрадан жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

«Бүгүн, 30-мартта, кар көчкү түшүү коркунучунан улам саат 18:00дө Бишкек-Ош унаа жолу кайрадан жабылат», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Чүйдөгү «Сосновка» посту менен Өтмөк ашуусу саат 18:00дөн 31-марттын саат 6:00үнө чейин жабык болот. Ал эми «Арал» посту бүгүн саат 19:00дөн 31-марттын саат 6:00үнө чейин жабылат.

Эске салсак, аталган жол кечээ дагы жабылып, бүгүн саат 10:00дө ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM