Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 504 | 0

Бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

9-10-апрелде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк, 10-11-апрелдерде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

9-апрелден 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM