Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик чек араны бузган өзбекстандык аткезчилер колго түштү

Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 791 | 0

Баткен областына караштуу Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз өтүп, аткезчилик менен шугулданган Өзбекстандын жарандарын колго түшүрдү.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

Кечээ, 29-мартта Кадамжай районунун тушунан кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги зым торлорду бузуп өткөн 4 адам кармалган. Колго түшкөн кылмышка шектүүлөрдү текшерүү учурунда алардын Өзбекстандын жарандары экени, Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өткөнү аныкталып, жашыруун алып бараткан 12 даана кондиционер жана 1 мүшөк конфет алынган.

Бул факты Кадамжай РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин электрондук журналына катталып, тиешелүү материалдар топтолуп, мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Учурда КР ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Өзбекстандын 4 жараны убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM