Биз менен байланышыңыз

«Челсинин» чабуулчусу Гонсало Игуаин карьерасын жыйынтыктады

Кыска кабар , Спорт | 29 Мар 2019 | 565 | 0

«Челси» футболдук клубунун чабуулчусу Гонсало Игуаин Аргентинанын улуттук курамасындагы карьерасын жыйынтыктады. Аталган кабарды мындан бир канча жума мурун жарыялаган «Оле» спорттук гезитинин маалыматын футболчу өзү да гезитке берген маегинде тастыктады.

Анда ал: «Көпчүлүк күйөрмандарга жакшы жаңылыгым бар. Мен кетүүнү чечтим. Үй-бүлөмө көбүрөөк убакыт бөлгүм келет. Эл катаны гана көрөт, бирок футбол ушундай. Футболчу да адам экенин унутушат. Футболдук көз караш менен караганда, бул кадимки көрүнүш. Ошол эле учурда, сени башка себептер менен басмырлоого аракеттенишет», — деп билдирген.

31 жаштагы чабуулчу Аргентинанын улуттук курамасында 2009-жылы дебьюттук беттешин өткөрүп, жалпысынан 71 оюнда 31 голдун автору болгон. Ошондой эле, айрым беттештердеги каталарынан улам, коомчулуктун сынына кабылган жайы да бар.

Copyright © 2017 Maral FM