Биз менен байланышыңыз

29-мартта Бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угуу болот

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 483 | 0

29-мартта Бюджет кодексине жана Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик  угуу болот. Бул туралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө колдонуулуучу мыйзамдардын нормаларына ылайык, Жогорку Кеңеш бюджет долбоорлорун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетторду түзүү, кароо жана бекитүү маселелерин бир эле учурда күн тартибине киргизүүгө аргасыз болуп жатат. Мындай жагдайга Жогорку Кеңештин көпчүлүк учурда бюджеттердин долбоорлору жана анын аткарылышы тууралуу отчетторго толук кандуу талдоо жүргүзүү үчүн убакыт жетишпей жатканы алып келүүдө. Натыйжада, парламент Өкмөт тарабынан киргизилип жаткан бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы боюнча отчетко карата өзүнүн иштелип чыккан сунушун берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албай калууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM