Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус мамилеси: Энергетика тармагында 1,5 млрд долларлык меморандумга кол коюлду

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 721 | 0

Бишкекте өтүп жаткан эки өлкөнүн ишкерлер форумунда Кыргызстандын инвестицияларды илгерилетүү агенттиги менен Орусиянын «Русэлпром» энергетикалык концернинин ортосунда 1,5 млрд. долларлык меморандумга кол коюлду.

Меморандумда гидроэнергетикалык тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга инвестиция тартуу каралган. Ошондой эле чакан жана ири ГЭСтерди куруу маселеси бар.

Жакынкы күндөрдө Кыргызстанга Орусиядан атайын жумушчу топ келип, аталган меморандумдун жол картасы иштелип чыгат.

Мындан тышкары, жыйында орусиялык “Борбор” IT технологиялык мекемеси Кыргызстандын жогорку технологиялар паркына резидент болду. Тагыраагы 54 млн долларлык кызматташтык меморандуму кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM