Биз менен байланышыңыз

Нур-Султанда ири жол кырсыгы катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 944 | 0

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда үч автобус жана жеңил автоунаалар катышкан ири жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Кырсыктан кеминде 27 киши жапа чекти. Алардын төртөөнүн абалы оор. Бул тууралуу www.inform.kz маалымат булагы шаар бийлигине таянып жазып чыкты.

Улы Дала көчөсү менен Кабанбай баатыр проспектисинин кесилишинде үч автобус жана жеңил машиналар кагышкан. Кырсыкта автобустун айдоочусу менен бир жүргүнчү окуя болгон жерде жан берген.

Окуя боюнча жарыяланган видеодо көчө кесилишинде токтоп турган автобусту катуу ылдамдыкта келе жаткан автобус артынан кагып, ал алдында турган автобусту жана жеңил унааларды сүзгөн. Айрым маалыматтарда кырсыкта тез жардам унаасы жана дарыгерлер да жапа чеккени айтылат.

“Кырсыктан эки киши каза болду. 27си жаракат алды. Шаардагы ооруканага 25 киши жеткирилген. Анын төртөөнүн абалы оор. Үчөөнө операция жасалып жатат. Үчөө интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылган”, — деп айтылат мэриянын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM