Биз менен байланышыңыз

Путиндин сапарынын алкагында 30дан ашык келишимге кол коюлат

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 1018 | 0

28-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Бишкекке келет. Анда 30дан ашык келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымдады.

Келишимдер инфраструктура, аскердик-техникалык кызматташтык, айыл чарба, транспорт жана миграция маселелери боюнча түзүлмөкчү.

-Бул визит кыргыз-орус кызматташтыгынын жаңы деңгээлге жогорулатат деген үмүттөбүз. Орусия улуттук долбоорлорго активдүү катышат деп ойлойбуз.

Кошумчалай кетсек, Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен алгачкы жолу келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM