Биз менен байланышыңыз

Орус-кыргыз фонду дыйкандарга, фермерлерге насыя бере баштайт

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2019 | 613 | 0

«Орус -кыргыз өнүктүрүү» фондунун төрагасы Эркин Асрандиев “Марал” радиосуна берген маегинде түз каржылоонун чеги беш эсеге азайганын билдирди.

Тактап айтканда, түз каржылоонун чеги 1 млн доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөтүлгөн. Аталган фонд киреше алып келчү долбоорлорду гана каржылап, насыя берүүдө ишкердин тажрыйбасы каралат.

«Жарандар фонддун каражатын инвестициялык чыгашаларга жумшай алышат. Алсак, дыйкандар айыл чарба техникаларын алса болот. Багбандар күнөскана курууда; касапканага тийиштүү жабдыктарды сатып алууда фонддун каражаттарын пайдалана алышат. Эгерде лаборатория бизнес катары киреше алып келе турган болсо гана каражат бөлүнөт. Буга кошумча: асыл тукум мал сатып алуу үчүн да насыя берилет.  Ал эми күнүмдүк чыгашалар үчүн насыя бере албайбыз», — дейт Асрандиев.

Маалымат үчүн айта кетчү маселе, чакан жана орто бизнес үчүн насыялар 5 жылга, ал эми багбанчылык үчүн 7 жылга берилет. Насыянын эсебинен сатылып алынуучу мүлктү күрөөгө коюуга болот.

Copyright © 2017 Maral FM