Биз менен байланышыңыз

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 3 облуска өзгөчө программа иштеп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2019 | 1231 | 0

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Нарын, Талас жана Баткен облустары үчүн өзүнчө программа иштеп жатат. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Эркин Асрандиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, апрель айынын соңунда бекитилчү программанын алкагында аймактагы ишкерлерге кошумча жеңилдиктер берилет.

«Аталган 3 облуста түз каржылоо жок болуп жатат. Мындан улам аймактын ишкерлерине кошумча жеңилдик киргизүү зарыл. Буга чейин насыя берүүдө ишкердин 3 жылдык ишмердүүлүк тажрыйбасы эске алынчу. Азыр муну алып салалы деп жатабыз. Мындан сырткары, фонд финансылык инструменттерди иштеп чыгууда. Анын өзгөчөлүгү ишке аша турган долбоорго таянып каражат берилет. Учурда бул боюнча пилоттук долбоор иштеп жатат. Ага кошумча, капиталга түз инвестиция багытын кеңейтүү планыбыз бар», — дейт Асрандиев.

Маалыматка ылайык, Орус -кыргыз өнүктүрүү фонду быйыл 2 млн доллар каражат сарптоого уруксат алган. Анын 1 млн доллары түз каржылоо аркылуу берилсе, калганы чакан бизнеске арналган.

Чакан жана орто бизнеске берилчү насыялардын үстөгү доллар менен 5%, ал эми сом менен 10%ды түзөт. Ири долбоорлорду ишке ашырууда 15% өздүк салым болушу керек. Насыялар долбоорго жараша 5-7 жылга берилет.

Copyright © 2017 Maral FM