Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: Бабанов мыйзам алдында жооп берүүгө даяр

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 960 | 0

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келегенден кийин мыйзам алдында жооп берүүгө даяр.  Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Маралга берген маегинде билдирди.

«Биз баарына даярбыз. Бул ачык, акыйкат иш. Чындык дайыма жеңет. Чындык азыр биз тарапта. Бул шайлоонун убагындагы саясий иш. Улуттар аралык араздашууга шек келтирди деп иш ачылган. Бул иш боюнча эксперттердин корутунудусу УКМКга берилген. Каттуу көрүнүшкө алып барганга эч кандай негиз жок. Мындай саясий иштерди УКМК элге дайыма билдирип туруш керек. Бирок УКМК биринчи жолу өз оюн билдирип жатат. Мени таң калтырган жагы бар. Мыйзам алдында жооп берет деди. Тергөө иштери улантылат десе туура болот. Бабанов жоопкерчиликтен качпайт жана качкан эмес. Мыйзам астында жооп берүүгө даяр,»-деди эл өкүлү Руслан Казакбаев.

Мындан сыткары Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келгенден кийин басма сөз каражаттарына жана тергөөчүлөрдүн баардык суроолоруна жооп бере турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM