Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: Саясий маселелерди чечүүдө бийлик менен сүйлөшүүлөр болгон

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 483 | 0

Бабановдун келиши үчүн бийлик менен сүйлөшүүлөр болгон жана болуп келет. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Маралга берген маегинде билдирди.

«Эми бул саясат. Саясий маселелерди чечүүдө сүйлөшүүлөр болгон жана болуп келген. Бабановдун иши боюнча, иштин саясий өңүттө болгонун биз башынан аныктап келгенбиз. Бабановго байланышкан иш саясий экенин баардыгы билет. Акыркы президенттик шайлоодон кийинки ачылган иш. Кыска заманда адилеттүү жана калыс жабылат деген үмүттөбүз. Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен менин сүйлөшүүлөрүм болгон, азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр болгон, укук коргоо органдарында сүйлөшүүлөр болгон. Акыркы он айдан бери мен сүйлөшүүлөргө катышкан жокмун. Ошондуктан мен акыркы мезгилде сүйлөшүүлөр кайсы деңгээлде жүрүп жатат жана жыйынтыгы кандай болот менин кабарым жок. Саясий соодалашуу журуп жатат дегенден мен алыс болот элем,»-деди Руслан Казакбаев.

Мындан сырткары сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жаткандыгынан эч кандай коркунуч болбош керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM