Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 489 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Орусиянын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитине даярдык көрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визитине даярдык көрүү маселелери жана ошондой эле тышкы саясаттагы бардык актуалдуу маселелер боюнча пландар жана милдеттер талкууланды.

Чыңгыз Айдарбеков Владимир Путиндин мамлекеттик визитине даярдыктын жүрүшү жана бул визиттин алкагында өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визити 27-мартка пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM