Биз менен байланышыңыз

Мамин: Борборго Назарбаевдин ысымын берүү — тарыхый окуя

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 596 | 0

Алматы облусуна жасаган сапарында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин баш калаа Астана шаарынын Нур-Султан болуп өзгөргөнүнүн себебин айтты. Бул тууралуу МИА «Казинформ» маалымат булагы билдирет.

Премьер-министр ордо калаага өлкөнүн туңгуч президентинин ысымын берүү тарыхый маанилүү окуя болгонун айткан.

“Бүгүнкү күндө биздин көз алдыбызда эгемен Казакстандын тарыхынын жаңы беттери жазылып жатат. Ошондуктан мамлекеттин жана анын баш калаасын негиздеген Элбашы Нурсултан Назарбаевдин ысымын тарыхта калтыруу — өсүп келаткан муундун алдындагы биздин милдетибиз”, — деди Аскар Мамин.

Анын айтымында, Нур-Султан шаары эгемен Казакстандын экономикалык өсүшүнүн локомотиви болгон.

«Жаңы Астанабыздын калыптануусунун алгачкы жылдарында Элбашыбыздын “Астананын гүлдөп-өскөнү – Казакстандын гүлдөп-өскөнү” программасы борборду гана эле эмес, бүтүндөй аймактардын өнүгүшүнө зор түрткү болгон. Казакстандын дүйнөлүк аренадагы таасири жана ролу жыл сайын өсүп жатат. Бул — биздин Элбашыбыздын эмгеги. Ордо калаага Биринчи Президенттин ысмын ыйгаруу эң туура жана өз убагында кабыл алынган чечим. Биз баарыбыз астаналык бойдон кала беребиз, анткени Нур-Султан Казакстандын астанасы!”, — деп белгилейт Аскар Мамин өз сөзүндө.

23-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы Нур-Султан деп өзгөртүү боюнча жарлыгына кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM