Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда март окуясы эскерилди

Кыска кабар | 24 Мар 2019 | 583 | 0

Бүгүн, 24-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 24-март окуясы эскерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эскерүү күнүнө облустук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен март ыңкылабынын бир нече катышуучулары, окуяга арналып тургузулган эстеликке гүл чамбар коюушуп, куран окутулду.

Эске салсак, 2005-жыл 11-мартта Жалал-Абадда башталган элдик толкундоо кийин өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган. Нааразычылыгын билдирип чыккан миңдеген адамдардын күчү менен 24-март күнү Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган.

Copyright © 2017 Maral FM