Биз менен байланышыңыз

Аялдар күрөшү боюнча курама команда Азия чемпионатына даярдыгын улантууда

Без рубрики , Кыска кабар | 24 Мар 2019 | 600 | 0

Аялдар күрөшү боюнча курама команда Азия чемпионатына даярдыгын улантууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2019-жылга болгон окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык, Азия чемпионатына ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргызстан аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү окуу машыгуу жыйынын өткөрүүдө.

Улуттук курама команда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 461 миң сом каралган.

Окуу-машыгуу жыйыны 23-марттан 10-апрелге чейин Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү. Окуу- машыгуу жыйынга төмөнкү спортчулар тартылган:

1. Тыныбекова Айсулуу

2. Медет кызы Айпери

3. Жуманазарова Мээрим

4. Анаркулова Нураида

5. Артыкали кызы Айбийке

6. Надирова Мадина

7. Рысманбетова Кымбат

8. Сазонова Дильноза

9. Нурлан кызы Жаркын

10. Анварбекова Каныкей

11. Мирлан кызы Назик

12. Бакытбекова Бермет

 

Copyright © 2017 Maral FM