Биз менен байланышыңыз

Месси ойносо марокколуктар келишимдеги акчаны 1,5 эсеге көбөйтөт

Кыска кабар , Спорт | 23 Мар 2019 | 871 | 0

Футбол боюнча Аргентина курамасынын лидери Лионель Месси 26-мартка белгиленген Марокко-Аргентина жолдоштук беттешинде ойной албайт. Бул тууралуу Газета.Ru маалымат булагы Аргентина командасынын маалымат кызматына таянып бүгүн жазды.

Испандык Барселона клубунун 31 жаштагы футболчусу табарсыгынан жаракат алганы айтылууда.

Буга чейин марокколук Le360 порталы жолдоштук беттештен Аргентина курамасына 500 миң АКШ доллары берилээрин жазган.

Эгерде Месси оюнга чыкса анда Марокко убадаланган сумманын үстүнө дагы 300 миң доллар берүүгө даяр экенин айтууда.

Месси 2018-жылдагы дүйнө биринчилигинен кийин биринчи жолу улуттук курамага чакырылып, кечээ өз үйүндө Венесуэлага каршы жолдоштук беттешке чыккан. Оюнда 1-3 эсебинде коноктор жеңди.

Copyright © 2017 Maral FM