Биз менен байланышыңыз

Сарыбашов: Биз эр жүрөк жоокерлерибизге ишенебиз

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 413 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мамлекет тарабынан армияга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, Ош аскер гарнизонунун аскер жетекчилигине 100 миң сом тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

“Чынында кыргыз армиясынын абалы жакшырды. Мындан да армиябыз күчтүү болушу шарт. Элибиздин тынч уйкусу үчүн талыкпай кызмат кылган мекенчил аскерлерди ар дайым колдошубуз керек. Биз аскерлердин ашканасынан баштап, окуу залдары, машыгуучу жана эс алуучу жайларга чейин көрүп чыктык. Чындыгында шарт жакшы. Бүгүнкүдөй түзүлгөн шарт үчүн Куралдуу күчтөрдүн И.В.Панфилов атындагы 8-гвардиялык мото аткычтар двизиясына да ыраазычылык билдирем. Биз эр жүрөк жоокерлерибизге ишенебиз”,-деди шаар мэри.

Аскердик куралдар, техникалар көргөзмөгө коюлуп, аскерлердин ар кандай кырдаалга даярдыгы көрсөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM