Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Элет эмгеги оор жана талыкпай иштөөнү талап кылат

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 454 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты.  Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынында Кара-Суу районундагы жазгы-талаа иштеринин жана ирригациялык каналды тазалоонун жүрүшү менен таанышты.

«Дыйкандардын айыл чарба кооперативдерине биригүүсү артыкчылыктуу болуп саналат. Үрөн жакшы болгон шартта гана бай түшүм алууга болот. Бул маселеге чоң көңүл бурулат. Элет эмгеги өтө оор жана талыкпай иштөөнү талап кылат. Калкыбыздын көпчүлүгү агрардык тармакка тартылган, буга байланыштуу айыл чарбасын мындан ары карай өнүктүрүү ар дайым артыкчылыктуу болуп саналат»,- деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, «Айыл Банк» ААК жетекчилиги менен жеңилдетилген жана узак мөөнөттүү насыялоонун фермерлерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү чаралары талкууланат.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында каражаттарды максаттуу берүү деталдуу текшериле турганын кошумчалады.

Андан соң Өкмөт башчы Отуз-Адыр айыл аймагындагы магистралдык  каналды тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министр дыйкандарды сугат суу менен толук камсыздоо зарылдыгын көрсөтүп, каналды тазалоону белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM