Биз менен байланышыңыз

Парламент кыргыз-тажик чек арасындагы маселени 3-апрелде карамай болду

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 442 | 0

Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы маселени 3-апрелде карай турган болду. Буга бүгүнкү жыйынга премьер-министрдин катышпагандыгы себеп. Анда депутат Исхак Масалиев тармактык комитет бул маселени караганын, анда тапшырмалар берилгенин эске салды. Ошол себептүү өкмөт бул боюнча даярданышы керектигин айтып, убакыт берүүнү сунуш кылды.

Депутаттар мындай сунушту колдоого алып, 2 жумага жылдырышты.

Эске сала кетсек, 13-мартта кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, жолдор жабылган. Эки тараптуу сүйлөшүү 5 күнгө созулуп, 18-мартта протоколго кол коюлган соң ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM