Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Атамбаев жоопкерчиликтен качуу үчүн активдүү болуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Мар 2019 | 576 | 0

Жогорку Кеңештин депутты Исхак Масалиев “Марал” радиосуна берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев жоопкерчиликтен качуу максатын көздөп активдүү боло баштаганын билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев оппозициянын башын бириктире албайт. Анткени түшүнгөн саясатчылар экс-президент менен келишимге барбайт.

КСДПдагы тиреш токтобосо партия «Алга Кыргызтан» менен «Ак жолдун» тагдырын кайталайт. Тагыраагы, бир күндө жок болуп кетиши мүмкүн.

Партияны сактап калуу үчүн Атамбаев сөзүндө туруп, саясатка аралашпай, эс алып, ыр жазышы абзел.

«КСДП өткөн жылы эле курултай өткөрүп, партиядагы тирештерди чечип алышы керек болчу. Эми кайсы топ эрте курултай өткөрсө, ошолордун көз карашы туура болуп калат. Себеби Юстиция министрлиги биринчи курултай өткөргөн тарапты каттайт. КСДПнын элге кайрылып актанганы туура эмес. Азыр бийлик үчүн күрөш, саясий чайкоочулук болуп жатат», — дейт Масалиев.

Эл өкүлү буга кошумча, президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы катары бардык партияларга тең карап, КСДПдагы тирешке аралашпай, ага карата мамилесин да ачыктабашы керек экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM