Биз менен байланышыңыз

Иса Өмүркулов: КСДП фракциясы коалиция курамынан чыкпайт

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 524 | 0

Парламенттеги Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) фракциясы коалициянын курамында калат. Бул тууралуу аталган фракция жетекчиси Иса Өмүркулов бүгүн КСДП партиясы оппозицияга өткөнү жөнүндө комментарий берип жатып билдирди.

“Учурда партиянын борбордук бийлиги менен Парламенттеги фракция эки башка көз карашта, деп айтып жатышат. Бул туура. Фракция үчүн бүгүнкү Өкмөттүн туруктуу иштегени маанилүү”, — дейт ал.

Эгерде фракция коалиция курамынан чыга турган болсо, анда Өкмөт дароо отставкага кетип, жаңы Өкмөт куралышы керек. “Бүгүнкү күндө өлкөнүн ичинде жана сырт жактарда көйгөй (тажик-кыргыз чек чыры, Якутиядагы мекендештердин окуясы) болуп жаткан тушта биз коалицияны таркатууга бара албайбыз. Ошондуктан фракция коалиция курамында калып, ишин улантат. Фракция мүчөлөрү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы партияныканан жогору турат”, — дейт Иса Өмүркулов.

Copyright © 2017 Maral FM