Биз менен байланышыңыз

Нооруз майрамына карата Бишкекте айрым көчөлөр жабылды

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 644 | 0

Бишкекте Нооруз майрамына карата шаардын борбордук айрым көчөлөрү тосулат. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Борбордук аянтта өтүүчү Нооруз майрамына арналган салтанаттын коопсуз өтүүсүн камсыздоо максатында 19-мартта саат 17:00дөн саат 20:00гө чейин Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан баштап Панфилов көчөсүнө чейин убактылуу жабылат.

Жолдук тыгындарына кабылып калбаш үчүн, шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларды машрутту алдын ала аныктап алууну өтүнүп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Copyright © 2017 Maral FM