Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 15-марттан тарта 14 көчө оңдоо иштери үчүн жабылат

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 494 | 0

Быйыл Бишкектин 43 көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Бул тууралуу Жол жана транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурдин Есенбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай грантынын негизинде 2021-2022-жылдарда Бишкек шаары боюнча 60 көчөгө асфальт басуу каралууда. Алардын жалпы узундугу 70.8 чакырымды түзөт.

Ленин районунда 25, Октябрь районунда 12, Свердлов районунда 9, Биринчи май районунда 13 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Алардын ичинен Бектенов, Матросов, Жукеев-Пудовкин, Койбагаров көчөлөрү оңдолот.

15-марттан тарта калаадагы Түгөлбай-Ата, Көкчө-Тоо, Сухэ-Батор, Койбагаров жана башка 14 көчө оңдоо иштери үчүн жабылат.

Быйылкы жылдын эсебинен жаңы конуштагы көчөлөрдү оңдоп-түзөө да каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM