Биз менен байланышыңыз

Ноокендеги конушта Курманбек Бакиев атындагы көчө пайда болду

Кыска кабар | 9 Ноя 2019 | 779 | 0

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылынын жаңы конушундагы көчөгө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылды. Бул маалыматты Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев “Маралга” тастыктады.

Бакиевдин аты көчөгө коюлганына үч-төрт күн болду. Аны ошол айылдагы конуштун тургундары 4-5 ай мурда демилгелешип, жергиликтүү кеңешке сунушташкан. Жергиликтүү кеңештин депутаттары бир добуштан муну колдоп, чечим кабыл алышты. Мен айыл өкмөтүнүн башчысы катары бул демилгеге каршы позициямды билдиргем”, — дейт Жакшылык Эгембердиев “Маралга” берген маегинде.

Интернетте «Бакиев Курманбек Салиевич атындагы көчө» деп, сүрөтү коюлган тактай жарыяланды. Бул социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылууда.

Copyright © 2017 Maral FM