Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылынын жаңы конушундагы көчөгө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылды. Бул маалыматты Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев “Маралга” тастыктады.
“Бакиевдин аты көчөгө коюлганына үч-төрт күн болду. Аны ошол айылдагы конуштун тургундары 4-5 ай мурда демилгелешип, жергиликтүү кеңешке сунушташкан. Жергиликтүү кеңештин депутаттары бир добуштан муну колдоп, чечим кабыл алышты. Мен айыл өкмөтүнүн башчысы катары бул демилгеге каршы позициямды билдиргем”, — дейт Жакшылык Эгембердиев “Маралга” берген маегинде.
Интернетте «Бакиев Курманбек Салиевич атындагы көчө» деп, сүрөтү коюлган тактай жарыяланды. Бул социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылууда.