Биз менен байланышыңыз

Киев көчөсүнө Айтматовдун атын берүү сунушталды

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 1014 | 0

Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, Белинский көчөсүнө Манастын атын берүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын башка өлкөлөр мыкты белгилеп, ал эми Бишкек шаарында бир да иш-чара өткөн жок.

“Манас атабыз жана Чыңгыз Айтматовго, эки тарыхый инсанга бир гана Белинский көчөсү берилип калган. Анда жарымы Манас, жарымы Айтматов көчөсү деп аталат. Эмне булар чолокпу? Бул деген чолок-чоркок саясат. Эми ушуну Бишкек шаарынын мэриясы карап койсо болот эле да”, — деп нааразычыгын билдирди.

Белинский көчөсүн Манас проспектиси деп атап, ал эми Киев көчөсүнө Айтматовдун атын ыйгарганыбыз оң деп кошумчалады. Ал эми Москва көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин атын берели деп айтты.

Ошондой эле Ташкентте көчөгө, Ленинградда скверге, Түркияда көчө менен скверге, ал эми Казакстанда 8 тилкелүү чоң жолго Чыңгыз Айтматовдун аты берилгендигин эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM