Биз менен байланышыңыз

Токтобек Асаналиев: «Учурунда мугалим болууну жактыра берчү эмесмин»

“Желе шоу” программасына Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев маек куруп берди.

— Бала кезде эмнени жаман көрсөң ошого туш болот экенсиң. Мисалы мен мугалим болууну жактыра берчү эмесмин. Мектепте окуп жүргөндө мугалимдердин түйшүгүн көрүп, бул кесипти аркалап калуу оюмда жок эле. “Башка түшсө байтал жорго” демекчи, азыркы тапта Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда мугалим болуп эмгектенем. Бирөөнүн уясынан учурган баласына билим берип, окутуп тарбиялоо сенин колуңда экен. Чындыгында мугалим болуш ардактуу кесип экендигин 10 жыл аралыгында эмгектенип, жон терим менен сезип отурам. Мен дагы Улук Мырза Полотов, Асек Жумабаев аксакалдардын жолун жолдоп, алар чапкан арык менен, из менен келе жатам. Албетте, көрсөткүчтөр жаман эмес ар бири өз нугу менен келе жатат.

— “Бышкан ашка сынчы көп” дегендей бүткөн ишке дагы сынчылар четтен табылат. Он жыл аралыгындай окуп, өзум кечирээк ырдап чыктым. Буюрса  Атай, Муса, Жапар,Чабалдак аксакалдардын жолу менен кетсемби деген оюм бар. Эстрада стилинде ырдап коюп жатабыз, бирок комуздун коштоосундагы ырларды аткаруу менин мүдөөм, максатым. Токтогул Сатылгановдун “Алымканын”  канчалаган аткаруучулар аткарды. Бир ырды миң ырчы ырдаса да кубаттуулугу, көркөмдүгү миң башка. Бирок, ар бир ырдын оригиналынан чыкпаганга аракет жасашыбыз керек. Азыркы мобилдик заманда жеңилдикке качырбай, кийинки урпактарыбызга  улуудан келе жаткан комуздун коштоосундагы чыгармаларды  калтыруу бул биздин мойнубуздагы милдет. Азыркы заман да өтөт. Бирок, кийинки урпак эмне болот?  Ошону ойлош керек. Комуз-кыргыздын көз жумганга чейин ата-бабабыздан кала турчу мурас. Ал эми эстрада келет кетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM