Биз менен байланышыңыз

Баткен: Айдоочулар тез бузула турган товарлар бар экенин айтышууда

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 526 | 0

Баткен облусунун батышындагы Лейлек районуна жана Исфана, Сүлүктү шаарларына кете турган жолдо 70тен ашык жүк ташуучу унаа тизилип турат. Бул тууралуу “Маралга” жергиликтүү тургандар билдиришти.

Унаалар күйүүчү май, тез арада бузулушу мүмкүн болгон товарлар бар экенин айтышууда. Алар 4 суткадан бери күтүп турушканын айтып, бийликтен жолду тез арада ачып берүүнү өтүнүштү.

«Ушул жерде турганыбыз бүгүн 4 –суткага кетип жатат. Жол жабык, айдолочуларга, элге түшкөн күн болду. Көк-Ташта тажик-кыргыз жер талашы болуп, ошол жердеги 2 метр жерди сатпай койсо ушул балекет жок эле. Лейлек, Сүлүктүнүн эли жер семирткичти, күйүүчү майларды, үрөөндөрдү күтүп жатышат. Убакыт өтүп, сезон бүтүп жатат. Жеген ичкенибиз баары артка кете баштады, чөнтөктиөр куруй баштады. Эми бийликтегилер элдин көйгөйүн чечип, жолду ачып берсе жакшы болот эле,»-деди 4 суткадан бери жолдо турган айдоочулардын бири.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча саат 17.00гө карата маалымат таратып, абал туруктуу экенин кабарлады. Чек ара жана милиция кызматынын өкүлдөрү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, абал көзөмөлгө алынган.
Кыргызстандагы Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух унаа жолун ачуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды.

Түз эфир Баткен: 100гө чукул жүк ташуучу унаалар токтоп турат

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Пятница, 15 марта 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM