Биз менен байланышыңыз

Физиевдин UFC уюмундагы биринчи атаандашы белгилүү болду

Кыска кабар , Спорт | 15 Мар 2019 | 714 | 0

Кыргызстандык мушкер Рафаель Физиевдин UFC уюмундагы алгачкы атаандашы белгилүү болду.

Кыргызстандык мушкер аталаган уюмда дебюттук беттешин 20-апрелде Санкт-Петербургда өтүүчү UFC ESPN+ 7 турниринде өткөрөт.

Физиевдин атаандашы орусиялык 30 жаштагы Магомед Мусаев болмокчу.

Рафаель Физиев эрежесиз эр уруш боюнча профессионалдык карьерасында жалпысынан 6 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Ал эми Мустафаев 15 беттеш өткөрүп 13үндө жеңүүчү аталган.

Ошондой эле орусиялык мушкер UFC уюмунда 3 беттештин экөөсүндө жеңишке жетип бир ирээт жеңилүү ызасын таркан.

Кошумчалай кетсек, Санкт-Петербургда өтүүчү UFC ESPN+ 7 турниринде Кыргызстандык дагы бир мушкер Антонина Шевченко кезектеги беттешин өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM