Чемпиондор лигасынын чейрек финалында ойной турган жуптар белгилүү болду. Клубдарга ташталган чүчүкулак бүгүн, 15-мартта УЕФАнын Ньонадагы баш кеңсесинде орун алды.
Ага ылайык, Нидерландиянын “Аякс”, италиялык “Ювентус” менен беттешсе англиялык “Ливерпуль” Португалиянын “Порту” клубуна каршы оюн өткөрөт. Ошондой эле “Тоттенхем”-“Манчестер сити” жана англиялык дагы бир клуб “Манчестер Юнайтед” менен испаниялык “Барселона” беттештери орун алат.
Чейрек финалдык оюндар 9-10-апрелде жана ушул айдын 16-17синде өтөт. Жарым финалдык беттештер 30-апрель жана 1-май күндөрү орун алат.
Ал эми финалдык оюн 1-июнда Мадриддеги «Ваньда Метрополитано» стадионунда өтөт.
1 пикир