Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Элчилер өлкөнүн ички муктаждыктарын жакындан билиши керек

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 951 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн элчилик жана консулдукта иштегендер менен жолукту. Мамлекет башчысы элчилик четтеги кыргызстандыктардын негизги таянычы болуп, алардын эшиги күнү-түнү ачык болушу керектигин, жарандарга тезинен жардам көрсөтүлүшү зарылдыгын белгиледи.

Чет мамлекеттердеги элчиликтер ошол жакта жашаган кыргыз жарандарынын укугун коргоого көңүл бурушуп, четтеги мекендештерибиздин шайлоо укугун камсыз кылуу керектигин да айтты.

Мун менен Жээнбеков чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибиздин укуктарын коргоо жана аларга конкреттүү жардам көрсөтүү боюнча ишти жогорку деңгээлге көтөрүү милдетин койду. Мамлекет башчысы экономикалык дипломатия маселеси да негизги багыттардын бири болуп жатканын айтып, өлкөгө инвестиция тартуу жаатында ишти күчөтүүнү тапшырды. Президент ошондой эле, элчиликтерди өлкөбүздүн экономикалык, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык материалдар менен камсыздоого көмөктөшүүгө чакырды.

“Өзгөчө көңүлдү стратегиялык маанидеги улуттук жана регионалдык долбоорлорду илгерилетүүгө, инвестициялык, кредиттик жана гранттык ресурстарды, техникалык жардамды тартып келүүгө бургула”-деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бүгүнкү жыйында элчилерге милдет-тапшырмалар коюлуп жатканын, ал эми кийинки жылы ушул тапшырмалар боюнча отчет аларын кошумчалады.

«Азыр мен сүйлөп жатам, кийинкиде силер сүйлөйсүңөр. Мурдагыдай элчи болдум, 3-4 жыл отура берем деген болбойт. Критерийлер иштелип чыгып, жыл сайын отчет талап кылынат» — деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле, Кыргызстандын кызыкчылыктарын татыктуу коргоп, мекенчилдигиңерди, жарандык позицияңарды, аракетиңерди көрсөтүп, өлкөнү өнүктүрүүгө өз салымыңарды мындан ары да кошоруна ишеним билдирди.

Жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарлардагы башкы консулдар менен бирге 34 дипломатиялык мекеменин башчылары катышты.

Copyright © 2017 Maral FM