Биз менен байланышыңыз

Дамир Сагынбаев: Чек арада кырдаал чыңалган абалда турат

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 638 | 0

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча комментарий берди. Журналисттерге берген маалыматында Сагынбаев абал чыңалган бойдон турат деп сыпаттаган.

“Сүйлөшүүлөр кечээ кечинде башталып, азыркыга чейин болуп жатат. Кыргызстандын жана Тажикстандын күч органдары кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүп жатышат. Чек ара кызматы билдиргендей, учурда кырдаал чыңалган абалда”, — деейт Коопсуздук Кеңешинин катчысы.

Буга чейин Кыргызстан тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков демилге көтөрүп,  Тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Эске салсак, 13-мартта түштөн кийин Кожогар аймагында Кыргызстандын Аксай Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Ага Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтүүчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу себеп болгон. Ворух айылынын жергиликтүү тургундары жол куруучу грейдерди, анда иштеткен мекендешибизди, айрым маалыматтарда чек ара кызматынын кызматтык унаасын да таш менен урушкан.

Баткен областынын Ак-Сай айылынын тургундар тажиктердин Исфара-Ворух жолун, тажиктер Ош-Исфана автожолунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынан өткөн жеринен тосуп салышкан.

Натыйжада Орто-Боз айылынын Жака өрүк участкасында чыр чыгып, эки тараптан куралдан ок атылган. Андан 43 жаштагы тажик жараны каза болгону айтылат. Ал эми 32 жаштагы кыргыз жараны ок жеп ооруканага жаткырылган. Учурда операциядан чыгып, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM