Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 485 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-мартта Орусиянын элчиси Николай Удовиченкодон, Кытайдын элчиси Ду Дэвэнден, Италияны элчиси Паскуале Д’Авинодон, Чехиянын элчиси Рудолф Гиклден жана Бениндин элчиси Нукпо Клеман Кикиден Ишеним грамоталарды кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ар бир Элчи менен баарлашуу учурунда Жээнбеков кыргыз тарап экономикага, саясатка, туризмге, билим берүүгө, илим жана техникага байланыштуу бардык багыттар жана эки тараптуу кызыкчылык туудурган башка тармактар боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкка чоң маани берерин белгиледи.

«Эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында мамилелерди бекемдөө жана ошондой эле элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү максатында бардык аракеттерди көрөсүздөр деп ишенем», — деди мамлекет башчы.

Өз кезегинде Россиянын, Кытайдын, Италиянын, Чехиянын жана Бениндин Элчилери кызматташуу жана алардын өлкөлөрүнүн элдерин Кыргызстандын эли менен жакындаштыруу боюнча алдыларына койгон пландарын жана милдеттерди белгилеп өтүштү.

 

Copyright © 2017 Maral FM