Биз менен байланышыңыз

УЕФА, Чемпиондор Лигасы: Манчестер Сити, Ювентус чейрек финалда

Кыска кабар , Спорт | 13 Мар 2019 | 736 | 0

Англиялык “Манчестер Сити” Германиялык “Шалькени” 7:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

УЕФАнын расмий сайты билдиргендей, «Шальке» командасынын башкы машыктыруучусу Доменико Тедеско ири эсептеги жеңилүү боюнча коментарий берип, беттештин жыйынтыгына нааразы экенин айткан.

“Мен өтө нааразымын. Алгачкы 30 мүнөттө биз жакшы ойнодук. Экинчи бөлүктө биз мындан да жакшы аракетти көрсөтүшүбүз керек болчу…  Биз оюнубузду жоготтук. Бул мен машыктыруучу болуп келгенден берки эң начар оюн болду”, — деп айткан.

Өз кезегинде Ситинин машыктыруучусу Хосеп Гваррдиола командасы экинчи бөлүктө мыкты ойногонун айткан.

“Экинчи бөлүктө биз мыкты ойнодук, бат оюн жүрдү, бизде динамика, топту талаанын эки жагына которуулар мыкты болду. Жыйынтыгында 7 гол киргиздик”, — деп пикир айткан. Хосеп Гвардиоланын балдары коноктогу беттеште да 2:3 эсебинде уткан болчу.

Жарым чейрек финалдагы дагы бир жооптук беттеш Туринде өтүп, жергиликтүү Ювентус Мадриддин Атлетико клубун 3:0 менен утуп кийинки баскычка өттү. Беттеште Ювентустун жаңы оюнчусу Криштиану Роналду хэт-трик жасады.

Туриндиктер мыкты ойноп, жеңишти татыктуу камсыздаганын испандык клубдун башкы машыктыруучусу Диего Симеоне моюнуна алды.

“»Ювентус» мыкты ойноду, татыктуу жеңди. Алар бизди дарбазабызга камалап алышты. Мыкты оюн көрсөткөн атаандашты куттуктукташ керек. Мен көп каталыкка жол бердим. Ювентус тактикалык жактан жакшы ойноп, топту тартып алууда да мыкты болду”,-дейт Симеоне.

Бул жуптун Мадридде өткөн беттешинде 2:0 менен испандыктар уткан болчу.

УЕФАнын 2019-жылдагы Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына буга чейин Порту, Аякс, Манчестер Юнайтед, Тоттенхэм командалары чыккан.

Бүгүн Барселона – Лион, Бавария – Ливерпуль беттештеринен чейрек финалга чыккан дагы эки команда аныкталат.

Copyright © 2017 Maral FM