Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Эфиопиянын президенти Сахле-Ворк Зевдеге көңүл айтты

Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 568 | 0

 Президент Сооронбай Жээнбеков Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиа кырсыктын кесепетинен көптөгөн адамдар курман болгондугуна байланыштуу Эфиопиянын Президенти Сахле-Ворк Зевдеге көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиа кырсыктын кесепетинен көп сандагы адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун бир туугандарын жана жакындарын сабырдуулукка чакырам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, Аддис-Абебанын жанына кулаган учакта жалпысынан 157 киши болуп, кырсыктан эч ким аман калган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM