Биз менен байланышыңыз

Ильзат Ахметов Орусия футбол курамасына кайрадан чакырылды

Кыска кабар , Спорт | 12 Мар 2019 | 912 | 0

Орусиянын футбол боюнча улуттук курамысынын машыктыруучулар штабы 2020-жылдагы Европа Чемпионатына тандоо турунун алкагындагы Бельгия, Казакстан командалары менен боло турган беттештерде ойноочу футболчулардын тизмесин атады.

Анда курамда ЦСКАнын кыргызстандык футболчусу Ильзат Ахметовдун да бар. Бул тууралуу “Орусия футболдук союзу” уюму билдирет.

Башкы машыктыруучу Станислав Черчесов кыргызстандык Ильзат Ахметов клубда туруктуу мыкты калыбында ойногондуктан чакырылганын, аны курамга чакыруу татыктуу чечим экендигин белгилеген.

Эскерте кетели, Ильзат Ахметов 2018-жылдын июль айынан Москванын «ЦСКА» клубу менен келишим түзүп ойноп жатат.

Мекендешибиз “Биринчи бештик” орусиялык улуттук премиясына татыган. Европа футболдук уюмунун рейтинги боюнча Ильзат Ахметов 50 мыкты жаш оюнчунун тизмесине кирген.

Copyright © 2017 Maral FM