Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жума баяндары кыргыз тилинде жүргүзүлөт

Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 794 | 0

Кыргызстанда эми бардык диний уюмдарда иш-кагаздар жана жума кутпалары кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Ал эми зарыл учурда орусча кошулат. Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын Муфтийи Максатбек Токтомушев буга байланыштуу буйрукка 6-мартта кол койгонун муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев Маралга билдирди.

Ал белгилегендей, буйрукта айтылгандай, башка улуттар жашаган аймактардагы мечиттерде да жума кутпалары гана кыргызча, зарыл болсо орусча айтылышы керек. Ал эми башка учурларда ар бир улут өз тилдеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынбайт.

Буйруктун аткарылышын муфтийдин орун басарлары, шаардык жана облустук казылар, райондордун имам-хатибдери көзөмөлдөйт.

Copyright © 2017 Maral FM