Биз менен байланышыңыз

«Сот реформасын ишке ашырууда каржы маселеси акыркы орунда турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2019 | 500 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде сот реформасын ишке ашырууда каржы маселеси акыркы орунда турарын билдирди.

Анын айтымында, судьялардын мыйзамсыз чечим чыгарышы акчадан көз каранды эмес. Соттор Кыргызстандын деңгээлинде башка кызматкерлерге караганда көп айлык алат.

«Судьяларды Сотторду тандоо кеңеши тандаса, президент дайындайт. Демек, ушулар жакшы иштеши керек. Туура эмес чечим чыгарган бир дагы сот жоопкерчиликсиз калбашы керек. Жок дегенде кызматтан четтетилиши зарыл. Соттордун тартибин караган адамдын үстүнөн көп арыз түшүп жатса кайдагы реформа?» — дейт Шыкмаматов.

Эл өкүлү соттордун көпчүлүгү коркуп, чоңдордун айтканынан чыга албай жатканын айтат.

«Атамбаевдин убагындагы инерция депутаттарда да, соттордо да, президентик аппаратта да бар. Эрке бала болгусу келгендер буйрукту талашып аткарат. Сотторго жамынып алып бирөөнүн мүлкүн тартып алган учурлар көп», -дейт депутат.

Шыкмаматов учурда Кыргызстанга чет өлкөдөн судьяларды алып келүү мүмкүн эместигин белгиледи. Анткени бийлик чет өлкөлүк сотторго да буйрук берип, көндүрүп коюшу мүмкүн экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM