Биз менен байланышыңыз

«Үрөн жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Без рубрики , Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 565 | 0

«Үрөн жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам 2019-жылдын 24-январында Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам айыл чарба үрөнчүлүк секторунун маселе-суроолорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны мындан ары жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

— үрөн жана көчөттөрдү алып кирүүдө мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксатты жана сорттуу үрөндөрдү өндүрүүчүлөрдүн, реализаторлордун, импортчулардын жана экспортчулардын реестрин алып таштоо.

Бул сунуш Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында аталган нормалардын колдонбогондугу менен шартталган жана коррупциялык түзүмдү жок кылуу үчүн;

— импорттук карантин уруксаты «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» мыйзам тарабынан жөнгө салынгандыгына байланыштуу «Үрөн жөнүндө» мыйзамынан бул уруксатты алып салуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Copyright © 2017 Maral FM