Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда ишкерлерге шарт түзүлсө сырттан да инвестор келет»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2019 | 638 | 0

Президент, Өкмөт тараптан инвестиция тартуу, аларды коргоо аракети болуп жатат. Бирок укук коргоо, сот органдарынын абалы баарыбызга белгилүү. Андыктан бул тармакта да иштерди алып баруу зарыл. Мындай пикирин Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин мурунку жетекчиси Эсен Момункулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, инвестиция саясий туруктуулук болгон, бизнеске шарт түзүлгөн жерге келет. Ал шайлоого жакын же шайлоодон кийинки убактарда келбейт.

Кыргызстандык ишкерлерге шарт түзүлсө сырттан да инвестор келет. Мындан улам биринчи кезекте ички инвесторлорго шарт түзүү зарыл.

«Мамлекеттик кызматтагылардын баары ишкердикти коргоп, бизнес омбудсмен болуп иштеши керек. Бирок алар элдин эсебинен жашап жатканын унутуп коюшууда. Түрдүү институттардын түзүлүшү менен инвестиция келбейт. Алсак, Америка же Европа өлкөлөрүндө инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик же бизнес омбудсмендер жок. Балким мындай институттар ишкердин үнүн бийликке жеткирүү үчүн керектир. Бирок мамлекет ишкерлерди ар тараптуу колдоо боюнча белги берип турганда гана ишеним пайда болот», — дейт Момункулов.

 

Copyright © 2017 Maral FM