Биз менен байланышыңыз

Түркия элчилигине Кубанычбек Өмүралиев дайындалат

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 570 | 0

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кубанычбек Өмүралиевди Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине дайындоого макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси кызматын аркалап келген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов кызматтык мөөнөтү аяктагандан кийин 2018-жылдын 4-декабрында Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM