Биз менен байланышыңыз

Түркия өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Дек 2020 | 866 | 0

Түркияга 28-декабрдан тартып учак менен 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен келген ар бир жүргүнчү акыркы 72 сааттын ичинде COVID-19 үчүн терс ПЦР тестин тапшырышы керек. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттердеги баракчасына жарыялады.

Мындай талаптар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот. Эгер тесттин жыйынтыгы жок болсо, анда кирүүгө тыюу салынат.

Пандемия башталгандан бери Түркияда 2 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыгып, 19 миңден ашуун адам каза болгон. Учурда өлкөдө коменданттык саат жана Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM