Биз менен байланышыңыз

Момункулов: Мамлеккеттик ишкана натыйжалуу иштебей жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2019 | 638 | 0

Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин мурунку жетекчиси Эсен Момункулов “Марал” радиосуна берген маегинде мамлеккеттик ишкана натыйжалуу иштебей жататканын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин саны көп. Алар кыргыз эли үчүн чоң жүк.

«Бюджеттик уюмдарды багуу менен күн өтүүдө. Ал мекемелердин коммуналдык төлөмдөрү, социалдык фонду жана башка чыгашалары бар. Бул аз келгенсип, бут тосушат, коррупциялары да бар. Бюджеттик уюмда иштегендер шайлоодо колдонула турган курал болуп калган. Мындан сырткары, инвентаризация кылышыбыз керек. 26 жылдан бери мамлекеттин канча жери, мүлкү бар экенин эч ким билбейт. Мындай мамлекеттин келечеги күмөн», — дейт Момункулов.

Ал бүгүнкү күндө аткаруу бийлигинен чакыруу түшсө кызматка барбай турганын айтат. Анткени бийлик СССР убагындагы эски система менен иштеп жатат. Ал система Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери көп өзгөргөн эмес.

Бирок Момункулов 2020-жылкы парламенттик шайлоого аракет кылаарын билдирди.

«Саясатка команда менен келип, окшош баалуулуктарга ээ кишилер бириксе чоң жыйынтык болот. Мындан сырткары, олигарх менен чыныгы ишкерди айырмалоо зарыл. Олигархтар бийликтин арты менен бизнеске ээ болгон адамдар. Парламнетке ийгиликтүү ишкер келсе жакшы иштейт. Анткени алар элдин көйгөйүн жакшы билет», — дейт Момункулов.

Copyright © 2017 Maral FM