Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков сотторду ыйманга чакырат

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 512 | 0

Соттун судьясы адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, ынсап, маданият деген түшүнүктөр менен бирдей турууга тийиш. Бул тууралуу өлкө башчысы бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өткөн Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында белгиледи.

“Мына ушул түшүнүктөн тайган адамга сот системасында орун жок! Эң башкысы Мыйзамдан, Кудайдан коркуш керек! Ыйман болушу керек. Ушуга байланыштуу ушул залда отургандардын бардыгына Хадистерден бир мисалды айта кетейин. Пайгамбарыбыз «Сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште» деп айткан. Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса анын орду бейиште. Ал эми маселени билбестен өкүм кылгандар, же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот”, — деди мамлекет башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM