Биз менен байланышыңыз

Camel Fest фестивалында каскадер Асланайым оор жаракат алды

Кыска кабар | 10 Мар 2019 | 1634 | 0

Асланайым Кыргыздын кызы деген аты менен белгиүү каскадер Светлана Аширова Сауд Арабиясында өтүп жаткан Camel Fest фестивалына машыгып жатып оор жаракат алган. Дарыгерлер анын бутун кесиш керек деп жатканын атып, үй-бүлөсү жана достору Кыргызстанга алып келүүнү уюштурууну Кыргызстандын бийлигинен суранып жатышат. Бул тууралуу спортсчунун жакындары өздөрүнүн фейсбук баракчаларына жазып чыгышты.

Светлана Аширова 8- мартта башкы машыгууда жаракат алган. Жабырлануучунун айтымында, атчандардын бирөөсү машыгуу учурунда сүрөткө түшүп, үч адамдын кагылышуусуна себепкер болгон.

Эр журок Асланайым готовится к сложнейшей операции. Поддержим нашу соотечественницу! Вчера, 8-марта, на Camel Fest…

Опубликовано Акшином Жанузаковым Суббота, 9 марта 2019 г.

Каскадердун жакындарынын айтымында, оң буту «экиге бөлүнүп» калганына карабай, эки күн ыкчам жардам берилген эмес. Мына ошондон кийин клеткаларында некроз башталган жана учурда араб докторлору анын бутун кесиш керектигин айтышкан.

Ашированын үй-бүлөсү жана достору кыргыз делегациясынын көнүл коштугуна нааразычылыгын билдиришүүдө.

Ошондой эле алар Президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, спортчуну Кыргызстанга алып келүүгө же Кыргызстандан врачтарды Эр-Рияд шаарына алып барууга жардам берүүнү өтүнүшкөн.

Уважаемый президент Кыргызской Республики Сооронбай Шарипович, кыргызстанцы! 2 дня назад, 8-марта, в Эр-Рияд во время…

Опубликовано Esena Arstanbekova Суббота, 9 марта 2019 г.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM