Биз менен байланышыңыз

Ош: Стадион оңдолуп, туристтерге шарт түзүлөт

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 735 | 0

Ош шаарындагы борбордук  А. Сүйүнбаев атындагы стадион оңдоп түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мэриянын кеңейтилген аппараттык жыйынында билдирди.

Ош Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору алкагында апрель- декабрь айына чейин Ош шаарында жалпысынан 25 иш-чара пландалган. Анын ичинен 22 эл аралык, 1 республикалык, 2 жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар.

Учурда Өкмөт, шаардык мэрия демөөрчүлөр менен бирлегикте Ош шаарындагы борбордук  А. Сүйүнбаев атындагы стадионду оңдоп түзөө иштерин баштады.

Эске салсак, быйыл Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору алкагында Ош шаарына чет өлкөлөрдөн миңдеген туристтер, өлкөнүн аймактарынан коноктордун келүүсү күтүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM