Биз менен байланышыңыз

«Жаңы кодекстер реформанын биринчи кадамы»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Мар 2019 | 1543 | 0

Юрист-эксперт Аслан Кулбаев “Марал” радиосуна берген маегинде жаңы күчүнө кирген кодекстер чыныгы реформа экенин билдирди.

«Кодекстердин кабыл алынышы реформанын биринчи кадамы. Алар кабыл алынган соң укук коргоо органдары, соттор көп нерсеге көз караштарын өзгөртөт. Андыктан структуралык өзгөрүүлөр болот. Тагыраагы, тергөөчүнүн, прокурордун, судьялардын, сот аткаруучуларынын функционалдык милдеттери өзгөрүп, Конституцияда бекитилген адам укугун, демократиянын негизги принциптерин ишке ашыруу үчүн 5 кодекс жана бир нече мыйзамдар комплекстүү жаңыртылды. Буга чейин коңшу өлкөлөрдө мындай ири реформалар болгон эмес», — дейт Кулбаев.

Анын айтымында, жаңы кодекстер кескин айырмаланып жаткандыктан жаңы институттарды түшүнүп, колдонууда айрым кыйынчылыктар туулуп жатат.

«Кылмышкердин жоопкерчилиги эски мыйзам боюнча жеңилдетилген болсо, эски кодекстер колдонулат. Эгерде жаңы мыйзам ал кылмышты жокко чыгарып же жеңилдетсе, анда жаңы кодекстер колдонулат. Биз сотторго жаңы кодекстерди колдонуусун түшүндүрүп, айтып жатабыз. Биринчи инстанция дагы кылмыш ишин жаңы кодекстер менен караса болот. Эгерде сот эски мыйзамдар менен карачу болсо көптөгөн маселелер жаралат», — дейт юрист.

Маалыматка ылайык, эгер даттануу 2019-жылдын 1-январына чейин кабыл алынган болсо, анда иш эски мыйзам менен каралат. Эгерде кылмыш 1-январдан кийин катталса, иш сөзсүз түрдө жаңы мыйзамдар менен каралат. Анткени жаңы мыйзамдар көпчүлүк жактан адамдын укугун, кызыкчылыгын коргойт.

Ал мындын сыткары, “Коопсуз” шаар долбоорунун алкагында коюлган камералардын жардамы менен эреже бузган айдоочулардын баары бирдей айыпка тартыларын кошумчалады.

«Буга чейин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер айрым эреже бузууларды байкабай калган учурлар болгон. Эми министр да, депутат да, жөнөкөй жаран да жол эрежесин бузса айып пул төлөйт. Компьютердин тууганы жок…», — дейт Кулбаев.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта «Жазык кодекси», «Жазык-процессуалдык кодекси», «Жазык-аткаруу кодекси», «Жосундар» жана «Бузуулар» тууралуу кодекстер күчүнө кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM