Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Чакан топ адамдарды бийликкке жакындатпайт

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2019 | 641 | 0

«Көпчүлүк мезгилде чакан топ өздөрүнчө чогулуп алып, бир нерлерди оңдосок деген адамдарды бийликкке жакындатпайт.» Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Арабаев жаңы кабыл алынган 5 кодексти бийликке жакын адамдар чогулуп жазышканын айтат.

«Коомдо кодекстердин сапаты көп талкууланып жатат. Жарандык коом өлкөдө болуп жаткан нерселерге кайдыгер эмес. А дегенде кодекстердин аты так болушу керек болчу. Тарыхта мынчалык деңгээлде карама-каршылык туудурган мыйзамдар болгон эмес. Жаңы кабыл алынган кодекстер боюнча иштеген жумушчу топ, Жогорку Кеңеш, өкмөт жакшы көңүл буруп койсо болмок. Чакан мыйзам болгон күндө да терең карап, жоопкерчиликти эске алышы зарыл эле. Себеби кодкестердин артында канчалаган адамдардын тагдыры турат. ЖКдан моралдык жоопкерчиликти алып салууга болбойт. Атамбаев кодекстерди талкуулабагыла деп депутаттардын колун байладыбы?» — дейт Арабаев.

Ал буга кошумча, өткөн бийликке салыштырмалуу президент Сооронбай Жээнбековдун саясий эрки жогору экенин айтат. Мындан сырткары, өлкө башчы башка бийлик бутактарына караганда бир топ ойлорду алдын ала айтып жаткандыктан, элдин президентке болгон ишеними артып баратканын белгиледи.

«Коомдо көйгөйлүү талаштарды, күдүк ойлорду жараткан маселелер чечилүү алдында турат. Коопсуздук Кеңешинин жыйынында тоо-кен тармагы боюнча айтылып жүргөн сөздөрдүн чындыгы далилденди. Ушундай маселелерди алдын ала алып чыгып, элге мамлекеттик бийликтин көз карашын билдип турса «коррупция менен тандалма күрөш болуп жатат» деген пикирлер азаят. Президенттин бир жылдыгында айрым жылыштар болуп жатат. Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Ош, Бишкек шаарларынын тегерегинде жүрүп жаткан курулуш маеселелерин жана алардын сапатын көтөрүшсө» , — дейт Арабаев.

Copyright © 2017 Maral FM